Экс-министр З.Эсенамановдун ишине байланыштуу тергөөдөн өтүп жаткан Ж.Султанов Москвага учканы жаткан жеринен кармалды
Мурдагы жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенамановго козголгон кылмыш ишине байланыштуу тергөөдөн өтүп жаткан Жаныбек Султанов Москвага учканы жаткан жеринен кармалды. Муну бүгүн, 11-мартта Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Тергөөдөн качып кетмекчи болгон Ж.Султанов Ош аэропортунан кармалганы айтылды. Маалыматка таянсак, Ж.Султанов - “Эйша Пасифик Ресурс ЛТД” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды. Жогоруда аталган ишкана убагында мыйзам бузуу иштерине барганы айтылган. Ал эми аты аталган экс-министр мыйзамсыз лицензия берүү кылмышы боюнча күнөөлөнүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
bossmos7

11.03.2014. 13:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ох Москванын нымдуу абасынан дем албай калыптыр да!
sher89

11.03.2014. 13:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар экенсинерго качан болсо качып кеткенден кийин пытырап калчу эленер убагында кармапсынар баракелде
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.