super.kg logo
  Саясат  

Ош. Мелис Мырзакматов 15-январдагы митинг боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары сурак берди

 

Бүгүн, 11-мартта Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө митингдер боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде күбө катары сурак берип кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИББинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, мурдагы шаар башчы Ош шаарында 2013-жылдын 2-декабрында жана 2014-жылдын 15-январында өткөн митингге байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары сурак берген.

 Жалпысынан окуя боюнча 50гө жакын күбө сурактан өткөн.

Эске салсак, 15-январда Оштун мэрин шайлоо учурунда борбордук аянтка талапкер М.Мырзакматовдун миңдеген тарапташтары чогулушкан. Шайлоодо Айтмамат Кадырбаев утуп чыккандан кийин митингчилер шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышып, бул ортодо милиция кызматкерлери менен түшүнбөстүк чыккан. Аянтта президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү өрттөлгөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: