Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков Сузактагы оорукананын курулушу менен таанышты
Кечээ, 10-мартта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасынын курулуш иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда Жусупжан Жээнбеков оорукананын айрым жерлерин кайрадан оңдоп чыгуу тапшырмасын берди.
Оорукана 50 орунга ылайыкташып, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы тарабынан 2012-жылы башталып, курулушка 45 миллион 900 миң сом каражат багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















