super.kg logo

 5 жаштагы Байтик Учкунбеков изделет!

 
2013-жылдын 22-июнунда Токтогулдун Арым жайлоосунан жоголгон 2009-жылы туулган 5 жаштагы Байтик Учкунбеков изделет! Бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына жардам сурап кайрылган Байтиктин атасы Учкунбек буларга токтолду: 
"Уулум Байтикти 1 жаштан өтүп калганда атамдын инисине таштап, келинчегим экөөбүз Орусияга иштеп кеткенбиз. Башкача бала эле. Тартынбаган, сезимтал, өзүн чоң балдардай алып жүрчү. 
Ошол каргашалуу күнү агам менен байланышып, "3-4 күндө апасы Кыргызстанга барат. Байтикти Бишкекке салып жибериңиздер" деп суранган элем. Алар Токтогулдун Арым жайлоосунда болчу. Эки күндөн кийин угузушту, баламдын жоголгонун. Дароо билет алып жетип келдик. Келерибиз менен милиция бөлүмдөрүнө кайрылып, издөө жарыяладык. Издөөгө ӨКМнын кызматкерлерин, жоокерлерди, тууган-туушкандарды тартып, жайлоодогу таш, суунун баарын карап чыктык. Эч кандай жик табылбады. Көзү ачыктарга чейин бардык. Баары эле сүйлөшүп алгансып "тирүү, бирөөнүн колунда" дешүүдө. Дагы бири "Ат менен жайлоодон алып түшүп, машинага салып, Аксы тарапка алып кетишкен. Айыл сыртында, кашарда жашап жатат" дегенинен таксисттерден сүрөтүн берип, чаптаттырдым. 
Уулумду акыркы жолу ошол күнү бир чабан жайлоодо дөңсөөдө отурганын көргөн экен. Дагы бир окуучу кыз Суусамырдан көргөнүн айтты. Издөө салгандан кийин көптөгөн телефон чалуулар болду, "бул жерде жүрөт, менин колумда, келип алып кет" деген сыяктуу. Айткан жерине барсаң, телефонун өчүрүп салышат. 
Жоголгонуна 9 айдын жүзү болду. Эч кандай жыйынтык болбой, эл-журттан жардам сурап кайрылып турган чагым. Уулум жоголгон күндөн бери келинчегим экөөбүздүн ичкенибиз ириң, жегенибиз желим болуп, көз жашыбыз токтобойт. Уулум Байтикти көрүп-билгендер болсо, бизге кабарлап койсоңуздар. Сөзсүз сүйүнчүсү болот!"- дейт көзүнө жаш алган ата.
Байланыш телефону: 0772 888295, Учкунбек Шаймерденов.
      





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
11.03.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
алахым жардам берсин кудай буйурса табылып калар сабыр кылыныз
11.03.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым жардам берсин сиздерге.Аман эсен табылып калсын сабыр кылып турунуздар.
12.03.2014. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
33SUUN, кечиресинер байкабай минус басылып кетти...Бала ылайым табылып калса экен Алла жардам берсин
11.03.2014. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах жардам беришин тилейли туугандар!!!
11.03.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Табылып калса экен байкуш, бир ширин мотурайган бала экен. Баланын өлүү тирүүсүн билбей отургандан өткөн азап барбы. Мен кызымды базардан жоготуп жиберип, 20-30 мүнөттөн кийин табылган, ошол убакытта эле жүрөгүм жарыла жаздаган.
Кудай колдоп табылып калса экен.
12.03.2014. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апасы байкуш куйуп эле калды болуш керек.кайсы мерез кармап отурат экен.
12.03.2014. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Табылып калсын эми.
12.03.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеси болсо да тируу болсун. Анан табылып калсынчы ылайым. Эгер ким уурдап кетсе кайра кайтарып эле бергени жакшы эгер тозок отуна куйгусу келбесе
13.03.2014. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат туугандар. Бир кабар болсо дароо супер инфого кабарлайбыз. Кудайдан тилегенибиз инибиз табылып бул кундор да артта калат деген ишенимдебиз!!!
14.03.2014. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, жердештери да чыгып, жайлоону туро кыдырышты жыйынтык жок. Ылайым аман-эсен, алты саны бутун табылса экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: