Эртең Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтөт
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы эртең, 12-мартта өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 11-мартта билдирди.
Аталган сессияда 2013-жылдын Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан аткарылган иштер тууралуу шаардык кеңештин төрагасынын маалыматын угуу, 2014-жылга шаардык бюджетти бекитүү жана 2015-2016-жылдарга бюджеттин болжолу, Жалал-Абад шаарындагы өндүрүштөрдү жана коммуналдык зонасында жайгашкан жер тилкелерин турак жай зонасына өзгөртүү жөнүндө маселелер каралат.
Ошону менен бирге шаардык кеңештин “Өнүгүү” фракциясынын туруктуу комиссиясынын курамын кайрадан кароо маселелери талкууланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

