super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад шаарынын мэри мыйзамдуулукту бекемдөө, коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү зарыл экенин айтты

 

Бүгүн, 11-мартта Жалал-Абад мэриясынын аппарат жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйында мэр Мухтар Арапбаев жарандардын мамлекетке, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенимин арттыруу керектигин, мыйзамдуулукту бекемдөө, коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү зарыл экенин айтты.

Ошону менен бирге калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик деңгээлин жана жоопкечилигин жогорулатуу, элдин биримдигин чыңдоо керектигин кошумчалады. Мындан сырткары улутчулдук фактыларын жоюу, жарандарды патриоттуулукка тарбиялоо, жарандардын укуктук маданиятын, мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун жогорулатуу зарылдыгын белгилеп өттү. 

Жогоруда белгиленген иш-чаралардын алкагында шаардын көрүнүктүү жерлерине 2014-жыл -Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына ылайыкташтырылган чакырыктарды илүү милдетин Муниципалдык менчикти башкаруу комитетине тапшырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: