super.kg logo
  Саясат  

Чаек айылынын тургундары Нурлан Мотуевди "элди бузба, бизге тынчтык керек, Жумгал районунан чыгып кет" деп кууп чыгышты

 

Бүгүн, 11-мартта саат 10:50 чамасында коомдук ишмер Нурлан Мотуев Жумгал районунун Чаек айылында райондук мамлекеттик администрациянын алдында өзүнүн 7 адамдан турган жакындарын чогултуп, "Жумгал районундагы көйгөйлүү маселелерди чечем" деп митинг уюштурууга аракет кылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, Нурлан Мотуевдин бул аракетине Чаек айылынын тургундары "элди бузба, бизге тынчтык керек, Жумгал районунан чыгып кет" деген сөздөрдү айтып кууп чыгышты. Нурлан Мотуев ага каршы чыккан элди сөккөндө аялдар Нурлан Мотуев түшүп жүргөн унааны талкалап сала жаздашкан.

Натыйжада Нурлан Мотуев ал жерден унаага түшүп, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жашаган туугандарынын үйүнө кеткен. Ачууланган аялдар Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө Нурлан Мотуевге мыйзам чегинде чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Азыркы тапта райондун аймагында коомдук-саясий кырдаал тынч.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: