Өмүрбек Текебаев: "Оор кылмыштарды кечирбөө боюнча мыйзам кеч кабыл алынып, “Кумтөрдүн” түбүнө жеткендер жазадан кутулуп кетишти”
Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары бүгүн, 11-мартта
Токтогул районунда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүдө. Жергиликтүү
жашоочулар өлкөдө оор кылмыштарды кечирбөө тууралуу мыйзам долбоору боюнча бир
катар суроолорду беришти.
Фракция лидери Өмүрбек Текебаев бул маселе боюнча: “Мыйзам кечигип кабыл
алынып, “Кумтөрдүн” түбүнө жеткендер жазадан кутулуп кетишти. Мыйзам Жогорку
Кеңештен өттү. Буюрса, мындан ары уурулардын жегени желим, ичкени ириң болот”,-
деп билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















