super.kg logo
  Саясат  

Тажик бийлиги Баткен жана Ош облустарынын администрацияларына Нооруз майрамын чогуу майрамдоого чакыруу жөнөттү

 
Тажикстандын Согдий облусунун бийлиги элдешүү максатында Баткен жана Ош облустарынын администрацияларына Нооруз майрамын чогуу майрамдоого чакыруу кагазын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Тажикстандын телеграф агенттиги маалымат таратты.
"Азырынча кыргыз тараптан чакыруу кагазына жооп келе элек",- деп жазылат Худжанд шаарынын администрациясы тараткан маалыматта.
Кошумчалай кетсек, эки өлкөнүн өкүлдөрү чогуу 2013-жылы Худжанд шаарында Нооруз майрамын тосушкан. 
Эске салсак, 2014-жылдын 11-январында чек арадагы атышуудан кийин кыргыз-тажик чек ара өткөрүү бекеттери жабылган. Мамлекеттик чек ара кызматынын 7-марттагы билдирүүсү боюнча, чек арадан үчүнчү өлкөнүн жарандары гана өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: