super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү

 
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы кымбаттады. Бул туурасында Кыргызстан мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.  
Маалыматка ылайык, 8-марттан тарта бензиндин бардык түрүнө карата баа жогорулады. АИ-80 үлгүсүндөгү май 1 сомго, Аи-92, АИ-95, АИ-98 үлгүсүндөгү бензин жана дизелдик отун 60 тыйынга көтөрүлдү.
Анын айтымында, баалардын кымбаттоосу Орусия мунай заводдорундагы баанын жогорулагандыгына байланыштуу. «Ал жакта күйүүчү-майлоочу майдын баасы 4-14 пайызга чейин көтөрүлгөн. Дагы бир себеби, доллардын курсунун сомго карата жогорулагандыгы»,- деп кошумчалады мунай ташуучулар бирикмесинин президенти. 
Белгилей кетсек, буга чейин бир апта мурун дагы күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттоосу катталган. 1-мартта АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 50 тыйынга көтөрүлүп, чекене сатууда ал 33,1 сомго чыккан. АИ-92 20 тыйынга жогорулап, 36,9 тыйындан сатылган. АИ-95, АИ-98 үлгүсүндөгү бензин 30 тыйынга кымбаттап, 42,2-45,9 сомдон болгон. Дизелдик отун 20 тыйынга көтөрүлүп, 39,9 сомдон сатылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: