super.kg logo
  Саясат  

Конституциялык палата өзүнүн туура эмес кабыл алган чечимдерин кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк алууда

 

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде бүгүн, 11-мартта Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын өз чечимдерин кайра карап чыгуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган “КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Демилгечилердин бири, депутат Абдыманап Кутушевдин айтымында, ушу тапта соттордун жалаң акыйкат чечим чыгарышына эч ким кепилдик бере албайт. “Өкмөттүн да, Жогорку Кеңештин да, Жогорку Соттун да өз чечимдерин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми Конституциялык палатанын андай мүмкүнчүлүгү жок. Ага да өзүнүн туура эмес чечимдерин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн берсек туура болот”,- дейт ал.

Талкууда бир катар депутаттар мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөр КР Конституциясынын айрым беренелерине кайчы келерин айтышты. Мисалы, Конституциянын 97-беренесинде Конституциялык палатанын чечими акыркы жана даттанууга жатпай турганы тууралуу жобо бар. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун негизги концепциясын жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: