super.kg logo
  Саясат  

Индиянын Кыргызстандагы элчиси иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинде болду

 

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков Индия мамлекетинин Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Жайант Н.Кхобрагаде менен жолугушту. Анда эки мамлекеттин ортосундагы билим берүү системдерин, келечекте эки өлкөнүн бул багыттагы байланыштарын талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Ректор Жайант Н.Кхобрагадени ОшМУнун 75 жылга чукул тарыхы камтылган музейи, автоматташтырылган электрондук башкаруу системи, кабыл алуу процессиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуучу программалардын иштөө тартиби, окуу корпустары, жакында түзүлүүчү Кыргыз-Индия IT технология борборунун орду менен тааныштырып чыкты.

Жыйындар залында Индиянын элчиси окутуучулар, студенттер менен жолугушуп, “Байыркы жана бүгүнкү Индия” деген темада презентация жасады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: