Крымга Москвадан келген гана учактар кондурулууда
11-мартта Крымдын негизги аэропорту Москвадан башка авиакаттамдар үчүн жабылды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары "Agence France-Presse" маалымат булагынын билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, Киевден учуп келген "Украина аба жолдору" компаниясынын
учагына Симферополго конууга уруксат берилбегендиктен, кайра артка
кеткен. Мындан сырткары 11-мартта Стамбулдан келчү авиакаттам токтотулган. Аэропорт Москванын эки рейсине гана кызмат көрсөткөн.
Азырынча аэропорттун басма сөз кызматы бул жагдай боюнча маалымат бере элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

