Япония өкмөтү Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2,2 миллион долларлык техникалык жардам көрсөттү














Япония өкмөтү Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2,2 миллион
долларлык техникалык жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта
Токмок шаарында КР ӨКМнын алдында Өрткө каршы кызматынын мамлекеттик
агенттигинин жаңы Өрттөн куткаруучу кызматынын салтанаттуу ачылыш аземинде
БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ага кеңешчиси Эркинбек Касыбеков сөз
сүйлөп жатып билдирди.
Автор: Дамира Арстанова
«Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн баалуу жардам көрсөтүп жаткан Япония өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирем»,- деди ал.
Мындан тышкары аталган иш-чаранын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү кызматынын атайын машыгуу иштери көрсөтүлүп, ага премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, министр Кубатбек Боронов жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коике күбө болушту.
Андан соң өкмөт башчы Токмок шаарында ачылган Өрткө каршы куткаруу кызматынын жаңы имараты менен таанышып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

