super.kg logo
  Спорт  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Бавария” менен “Атлетико” чейрек финалдык жолдомолорду илип кетишти (фото)

 
"Бавария"-"Арсенал". 55-мүнөт. Бастиан Швайнштайгер "Арсеналдын" коргоочуларынын катасынан пайдаланып, оюн эсебин ачты.
57-мүнөт. "Арсеналдын" чабуулчусу Лукаш Подольски атаандаштарына орой ойноп, оюн эсебин теңеп жатат. Эсиңизде болсо, футболчу кезинде "Бавариянын" курамында ойноп кеткен.
90-мүнөт. Оюнга жаңы гана чыккан Томас Мюллер 11 метрлик айып соккусун голго айландыра алган жок. Оюн эсеби 1:1 жана "Бавария" чейрек финалда.
"Атлетико"-"Милан". Болгону 3-мүнөт жана Диего Коста команданы кайрадан алдыга сууруп чыкты.
27-мүнөт. Коноктордун капитаны Кака оюн эсебин теңеди.
40-мүнөт. "Атлетико" кайрадан алдыга чыкты. Бул ирет түркиялык жарым коргоочу Арда Турандын голу менен...
71-мүнөт. Рауль Гарсия эсеп айырмачылыгын 2 голго жеткирип, "Миландын" чейрек финалга чыгуу үмүтүн такыр жокко чыгарды.
85-мүнөт. Диего Коста өзүнүн экинчи, оюндагы бешинчи голду киргизип, бул күндүн каарманына айланды.

Кечээ, 11-мартта орун алган УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук оюндарында “Бавария” лондондук “Арсеналды”, мадриддик “Атлетико” италиялык “Миланды” мелдештен четтетип, чейрек финалдык жолдомолорду илип кетишти. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, мюнхендик “Бавария” өз үйүндө лондондук “Арсеналды” кабыл алып, 1:1 эсебинде тең чыгуу катталды. 2 оюндун жыйынтыгында жалпы 3:1 эсебинде (алгачкы оюнда 0:2 эсебинде “Бавария” уткан) утуп, өткөн сезондун чемпиондору чейрек финалга жолдомо алышты.

Мадридде өткөн беттеште испаниялык клуб “Атлетико” италиялык “Миланды” кабыл алып, 4:1 эсебинде ири жеңишке жетишти. Алгачкы оюнда миландыктар өз үйүндө 0:1 эсебинде уттуруп жибергенин эске алсак, “Атлетико” жалпысынан 5:1 эсебинде жеңишке жетишип, чейрек финалга чыкты.

“Бавария” (Германия) – “Арсенал” (Англия) 1:1

Голдор: Бастиан Швайнштайгер (55-мүнөт), Лукаш Подольски (57-мүнөт).

“Атлетико” (Испания) – “Милан” (Италия).

Голдор: Диего Коста (3-мүнөт), Кака (27-мүнөт), Арда Туран (40-мүнөт), Рауль Гарсия (71-мүнөт), Диего Коста (85-мүнөт). 






УЕФАнын Чемпиондор Лигасы. Бавария-Арсенал

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы. Атлетико - Милан

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.03.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arsenal ))):
12.03.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
REAL MADRID utat UEFAny dortor
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: