super.kg logo
  Саясат  

Жеңиш Молдокматов, активист: “Бишкек-Парктын” директору сөгүп, иштен айдаган кыргыз кызы боюнча 17 органга кайрылдык, бирок жыйынтык жок”

 

“Борбор шаардагы “Бишкек-Парк” соода борборунун директору сөгүп, иштен мыйзамсыз кетирген Айзада Ашымбаева боюнча 17 мамлекеттик органга кайрылдык, бирок жыйынтык чыккан жок”,- деп билдирди активист Жеңиш Молдокматов. Айтымында, бардык органдардын жообу окшош.

“Баарынын жообу бирдей, “жумушка 3 сааттан ашык себепсиз келбей койгон” дешти. Биз 3 саат кечикпегенин далилдеп берсек да кабыл албай коюшту. Соода борборунун башчысы башында эле айткан, “Мен прокурор, сотуңду сатып алам. Кыргыздар, силер койсуңар” деп. Өлкөдө темирдей тартип болмоюнча трансулуттук ишканалардын кожоюндары өздөрүнүн каалаганын кыла беришет”,- деди Молдокматов.

 

Эске салсак, 2013-жылдын 20-октябрь күнү “Бишкек-Парк” ЖЧКсынын генералдык директору (де-факто) Али Ихсан (Түркиянын жараны) аталган комплексте маркетолог болуп иштеген Кыргызстандын жараны Айзада Ашымбаеваны өз бөлмөсүнө чакырып алып уят сөздөр менен тилдеп, эч себепсиз, түшүндүрүүсүз жана тийиштүү кагаздары жок КРнын Эмгек кодексин жана эмгекке тийиштүү бардык мыйзамдарды одоно бузуп, жумуштан бошотуп жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: