Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда мырзалардын таймашы өттү



11-март күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун факультеттери ортосунда «ОГПИнин мырзасы-2014» кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган таймашка жалпысынан 8 мырза катышып, атайын түзүлгөн жобонун негизинде күйөрмандарга өздөрүнүн таланттарын тартуулашты. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен гуманитардык факультетинен Манас Гапаров «ОГПИнин Олимп мырзасы-2014», ал эми менеджмент жана туризм факультетинен Арзибек уулу Жанар «ОГПИнин интеллектуал мырзасы-2014» наамдарына ээ болушту. Жеңүүчүлөр окуу жайдын ректоратынан жана профсоюз комитетинен дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

