super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналду карьерасы боюнча эң көп акча топтогон футболчу болуп табылды

 

"Goal.com" басылмасы түзгөн рейтингге ылайык, Португалия жана мадриддик “Реал” командаларынын лидери Криштиану Роналду учурда ойноп жаткан футболчулардын ичинен карьерасы боюнча эң көп каражат топтой алган футболчу болуп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2014-жылды эсепке алганда, Криштиану Роналду карамагындагы 148 миллион евро менен биринчи орунга чыкты. Лидерлик сапта буга чейин Дэвид Бекхэмдин ысымы жазылып келген.

Экинчи орунду ээлеген аргентиналык футболчу Лионель Мессинин эсебинде 146 миллион евро болсо, камерундук футболчу Самуэль Это'О 85 миллион евро менен 3-орунду ээледи.

Эң бай футболчулардын тизмеси:

1. Криштиану Роналду (мекени Португалия, клубу “Реал”) – 148 миллион евро.

2. Лионель Месси (Аргентина, “Барселона) – 146 миллион евро.

3. Самуэль Это′О (Камерун, “Челси”) – 85 миллион евро.

4. Уэйн Руни (Англия, “Манчестер Юнайтед”) – 84 миллион евро.

5. Кака (Бразилия, “Милан”) – 82 миллион евро.

6. Неймар (Бразилия, “Барселона”) – 80 миллион евро.

7. Роналдиньо (Бразилия, “Атлетико Минейро”) – 78 миллион евро.

8. Златан Ибрагимович (Франция, “ПСЖ”) – 69 миллион евро.

9. Жанлуижи Буффон (Италия, “Ювентус”) – 63 миллион евро.

10. Тьерри Анри (Франция, “Нью-Йорк Ред Буллс”) – 57 миллион евро.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.03.2014. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат Байматовчу ?
12.03.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:-))
бул жерде-олко да роль ойнойт, Кыргызстан абройлуу болгондо, Азамат да узакка кетмек
12.03.2014. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myshka406, Футбол ойногонго да карайт)))
13.03.2014. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озуда жакшы ойнойтда ранолдо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: