“Келдибеков 10 миллион сомдун айынан камакта отурат, бюджеттеги 2,5 миллиард сом үчүн эч ким жооп бербей жатат” дейт Алтынбек Сулайманов
“Ахматбек
Келдибеков 10 миллион сомдун айынан камалды, бюджеттеги 2,5 миллиард сом үчүн
эч ким жооп бербей жатат”,- дейт Алтынбек Сулайманов. Муну депутат бүгүн,
12-марттагы ЖКнын жыйынында айтты. Анын билдиришинче, бул маселени жакшылап
карап чыгуу керек. “Калыстык болбой жатат. Эмне үчүн бюджеттин аткарылышында
мыйзам бузгандар жоопко тартылбайт?”- деди эл өкүлү.
Автор: Автандил Добулбеков
Эскерте кетсек, парламентте бүгүн, 12-мартта “КРнын 2012-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

