Ош. "Терроризм, экстремизм - ислам эмес" деди Максат ажы Токтомушев
Бүгүн, 12-мартта өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу максатында облустук жыйын өтүүдө.
Автор: Айсана Паизова
Ага Мусулмандардын дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушев баш болгон дин өкүлдөрү, Ош облусунун өкүлү Сооронбай Жээнбеков баштаган жетекчилер катышууда.
Облус башчысы муфтий Максат ажыны кызмат орду менен куттуктап чепкен жапты. Максат ажы динди туура пайдалануу керектигин айтып: "Терроризм, экстремизм - ислам эмес. Аларга каршы туруу үчүн, андагы жаман рухтарды чыгаруу үчүн ислам дини бар. Исламды жамынып алып башка рухтарга кызмат кылбайлы. Кудай Таала адамды кыйноого чыдабайт жана жол бербейт",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

