Бишкекте балет өнөрү боюнча эл аралык фестиваль орун алат
Бишкекте 28-29-мартта балет өнөрү боюнча биринчи эл аралык фестиваль орун алат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара министрлик менен DZENIM коомдук фонду тарабынан уюштурулууда. Фестивалга катышуу ниетин Орусия, Казакстан, Тажикстан, Швеция мамлекеттеринин өкүлдөрү билдиришкен. Фестивалдын алкагында 28-март күнү “Корсар” балетин уюштуруу, 29-мартта гала-концерт өткөрүү пландалууда.
Мындан сырткары Кыргызстандын хореография тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулаган тегерек стол өтөт. Аталган иш-чаранын максаты – Кыргызстандагы балетке коомчулуктун көңүлүн буруу, балет өнөрүн аркалагандардын ортосундагы карым-катышты бекемдөө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.