Кыргызстанда жылына 6 миңге жакын адам кургак учук оорусуна чалдыгат
Кыргызстанда жылына 6 миңге жакын адам кургак учук оорусуна чалдыгат. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жашашат. Бул өлкөнүн ички миграциясына байланыштуу.
Ошондой эле Ош, Нарын, Баткен облустарында кургак учук менен ооруган жаш балдардын саны арткан.
2012-жылы 100 миң адамга 104,3 кургак учук менен ооруган адам туура келсе, 2013-жылы 104,5 адам туура келген. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

