super.kg logo
  Саясат  

Ош. "Интернет аркылуу чакырыкты көргөн жаштарыбыз Сирияга кетип жатышат" деди муфтий Максат ажы

 
Бүгүн, 12-мартта өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу максатында облустук жыйын өтүүдө. Анда Мусулмандардын дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушев жаштарыбыздын радикалдашуусу исламды терең түшүнбөгөндүгүнөн келип чыкканын айтты. "Интернеттин жакшы жагы, маалыматты тез жеткирет экен, жаман жагы, жаштар интернеттеги Сирияга чакырыкты угуп, ислам деп кетип жатышат, ал эле эмес, аял кишилерибиз да кетип жатканын өз көзүбүз менен көрүүдөбүз. Ойлобогула, Сириядан бирөө-жарым келип алып кетип жатат деп. Бул нерсенин баары интернетке байланыштуу",- деди Максат ажы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: