“9-апрель күнү Бишкекте жалпы элдик курултай өткөрүү пландалган” дейт коомдук ишмер Жолдошбек Орозов
Бүгүн, 12-мартта маалымат жыйынында “Асаба” саясий партиясынын башчысынын орун басары Жолдошбек Орозов “эгер Кыргызстандын бийлиги оппозиция менен сүйлөшүүгө чыкпаса, 9-апрелде Бишкекте жалпы элдик курултай уюштурулат” деп билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы кырдаал кооптуу болуп жатат. 2012-жылдын 9-январында 38 саясий кыймылдын башын бириктирип, Улуттук-мекенчил күчтү түзгөн. Бүгүнкү күндө аталган күчкө кирген уюмдардын саны 50гө жакын.
“Учурда Улуттук-мекенчил күчтүн өкүлдөрү өлкөнүн аймактарына барып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Ар бир региондордун делегаттары шайлоо жолу менен шайланып, алар курултайга катышышат”,- деди Жолдошбек Орозов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















