super.kg logo
  Саясат  

Ташполот Балтабаев: “Өкмөттү алмаштыруу маселесин карабасак болбойт”

 
Азыркы өкмөттү алмаштыруу маселесин кароо - учурдун талабы. Муну бүгүн, 12-марттагы ЖКнын жыйынында депутат Ташполот Балтабаев билдирди. Айтымында, өкмөт өлкөгө сырттан келген дарылардын көбүнөн кошумча нарк салыгын алып коюп, бюджетке ири көлөмдө акча түшпөй калды. 

“Биз азыр Каржы министрлигин гана жарга такап жатабыз. Экономика министри, экономикалык тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр кайда? Акчанын баарын ууруларга алдырып жиберип унчукпай отурган Ички иштер министрлиги кайда? Жалпысынан өкмөттү алмаштыруу маселеси жөн жерден көтөрүлгөн жок. Маселени сөзсүз карап чыгып, мындан ары кандай кадамдарга барарыбызды аныктап алышыбыз керек. Бюджеттин аткарылышы боюнча 2013-жыл мындан да жаман болот”,- деди Балтабаев.

Эскерте кетсек, парламентте бүгүн, 12-мартта “КРнын 2012-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: