Юридикалык жактардын мамлекеттик орган, мекемелердин аты менен аталуусуна тыюу салынууда
Жогорку Кеңеште бүгүн, 12-мартта юридикалык жактардын аталыштарын жөнгө салууга багытталган “КРнын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоорунда Кыргызстан аймагындагы юридикалык жактардын мамлекеттик органдар жана мекемелердин аты менен аталуусуна тыюу салынат. Ошондой эле юридикалык жактардын кызмат аталыштары мамлекеттик кызмат орундарынын аталышын кайталабоого тийиш. Эгер ошондой аталып калса, юридикалык жактар өз аталышын өзгөртүүгө милдеттендирилгени жатат.
Депутат Курманбек Осмоновдун айтымында, мыйзам долбоору боюнча кошумча сунуштар келип түшкөн эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

