super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда 2012-жылы 3 миллиард 568 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу фактылары болгону аныкталды  

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 12-мартта 2012-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулуп, 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

 

Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, бюджеттин жыйынды кирешелери 77 миллиард 601 миллион 1 миң сомду же 96,9 пайызды түзгөн, ал эми республикалык бюджеттин жыйынды чыгымдары 71 миллиард 703 миллион 3 миң сомго же 98,4 пайызга аткарылган.

“Кумтөр” кенин эсепке албаганда да, өлкө экономикасы өсүптүр. Бир катар тышкы карыздар кечилгендиктен, тышкы карыздарды тейлөө жаатында 400 миллион сом бошогондуктан, ал башка багыттарда пайдаланылды. Жыл аягында эл аралык каржы уюмдарынан келип түшкөн 2 миллиард өлчөмүндөгү каражат толугу менен 2013-жылдын бюджетине чегерилди.

Эсептөө палатасы тарабынан 3 миллиард 568 миллион сом өлчөмүндөгү каржы тартибин бузуу фактылары аныкталып, анын ичинен 2 миллиард 925 миллион сому кайра кайтарылууга жатат.

Талкууда депутаттар уурдалган же өз багытында колдонулбаган бюджеттик каражаттар боюнча табылган фактыларды укук коргоо органдары аркылуу ордун толтуруу, күнөөлүү жетекчилерди жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: