super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратура Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдун ден соолугу боюнча маалымат берди

 
Бүгүн, 21-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдун ден соолугу тууралуу маалымат берди. Башкы прокуратура билдиргендей, 19-октябрдан 20-октябрга караган түнү Камчыбек Ташиев УКМК тарабынан аскер-медициналык стационардык дарылануудан өткөн. Ташиевге ашказан жарасы бар деген диагноз коюлган. 23-ноябрда депутатка кайрадан текшерүү болуп, аны атайын бөлүмдө дарылоо сунушталган. Ошондой эле 13-декабрда Ташиев хирург, терапевт, невропатологдор тарабынан текшерилген жана ага консервативдик терапия жана кайрадан кароодон өткөрүү дайындалган. Кошумча текшерүүнүн жыйынтыгына карап Ташиевди госпиталга которуу чарасы көрүлө турганын айтат Башкы прокуратура. Ал эми Талант Мамытов 3-декабрда дарыгерлер тарабынан текшерүүдөн өтүп, компьютердик томография жана невропатологдун консультациясы дайындалган. Жыйынтыгында баш сөөк-мээнин жабык травмасы деген диагноз коюлган.13-декабрда кайрадан текшерүү жүргүзүлүп, Мамытовго дарыгерлер баш сөөк-мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы деген диагноз коюп, консерваториялык терапия жана кайрадан кароо жүргүзүү дайындалган. Башкы прокуратура дарылоонун жана кайрадан кароо жүргүзүүнүн жыйынтыгына карап, депутатты госпиталга которуу маселеси карала турганын билдирет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: