“Жантөрө Сатыбалдиев өзүм билемдик жолу менен Медициналык академиянын ректорунун кызматтык мөөнөтүн узартты” дейт коомдук ишмер Камил Умаров



Бүгүн, 12-мартта маалымат жыйынында “АКОС” аталышындагы коомдук уюмунун башчысынын орун басары Камил Умаров “КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Медициналык академиянын ректору Ашыралы Зурдиновдун кызматтык мөөнөтүн мыйзамсыз узартты” деп билдирди.
Анын айтымында, мыйзам боюнча, аталган окуу жайдын ректорунун жашы 65 жашка чейин болуш керек. Бирок Ашыралы Зурдинов учурда 67 жашта.
“2012-жылы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кызматынан пайдаланып, өзүм билемдик жолу менен ректор болуу үчүн жашты 70 жылга чейин деп өзгөрткөн. Ошондуктан, биздин оюбуз боюнча, Ашыралы Зурдинов Медициналык академиянын ректорлугуна ылайык келбейт”,- деп билдирди Камил Умаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

