Жусупали Исаев: “Өлкөгө жаңы кирген автоунааларды 5 күндүн ичинде каттоого койбогондорго айып салуу демилгеси тартип үчүн жасалууда”
ЖКнын 12-марттагы жыйынында депутат Жусупали Исаев “өлкөгө жаңы кирген автоунааларды 5 күндүн ичинде каттоого алуу, болбосо айып пул төлөтүү демилгеси тартип үчүн жасалууда” деп билдирди. Айтымында, 5 күн деген норма мурда деле болгон, бирок иштебей жатат. “Ошондуктан айып пул салууну сунуштап жатабыз. Болбосо өлкөдө баш аламандык күчөп кетти. Айрым кызыкчылыктарды эске албай, мыйзамды колдошубуз керек”,- дейт Исаев.
Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















