super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында гейлерге, бисексуалдарга каршы акция өттү (фоторепортаж)

 
Бүгүнкү акциянын катышуучуларынын көпчүлүгүн жаштар түздү.
Бүгүнкү акциянын катышуучуларынын көпчүлүгүн жаштар түздү.
“Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов
"Кыргыздан гейлер эмес, баатырлар чыккан!" деп кыйкырып жатышты.
"Кыргыздан гейлер эмес, баатырлар чыккан!" деп кыйкырып жатышты.
Тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып турушту.
Тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып турушту.
Жеңиш Молдокматов Жогорку Кеңешке кирип, депутаттар менен жолугуп чыгууга аракет кылды эле, күзөтчүлөр киргизбей коюшту.

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин алдында гейлерге, бисексуалдарга каршы акция өттү. Ага “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов баштаган 100дөн ашык жаштар катышышты. Анда “Кыргызстанда гомосексуализмди өспүрүмдөр арасында жайылтпоо жана пропагандалоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам иштелип чыксын”, “Өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгү текшерилсин” деген талаптар коюлду.

Ошондой эле акциянын катышуучулары депутат Өмүрбек Абдрахманов сыртка чыгып, айткан сөздөрү үчүн жооп беришин талап кылышты.

“Биринчи акциябыз 27-февралда АКШ элчилигинин алдында өткөн. Анда да ушул эле талаптар коюлган. Ошондо ЖКнын депутаты Өмүрбек Абдрахманов бизди каралап “Майдан” гезитине интервью бериптир. Ал бизди куурчактарга, чөөлөргө салыштырып, "Орусиядан акча алып жатышат" деп айыптаптыр”, - деди Жеңиш Молдокматов.

Жаштардын алдына ЖК депутаттарынын бири да чыккан жок. Акциянын катышуучулары бир жуманын аралыгында дагы бир чоң акция уюштуруларын эскертишип, тарап кетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: