super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Баатыр энелерге мамлекет тарабынан жакшы кам көрүлбөй жатканын айтышууда

 
ЖКнын 12-марттагы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Кыргызстанда Баатыр энелерге мамлекеттен жакшы кам көрүлбөй жатканын айтып чыкты. “1000 сом пенсия менен чектелишибиз уят. Аларга экономикалык, социалдык жактан жеңилдиктерди беришибиз керек”,- деди депутат. Ал эми депутат Туратбек Мадылбеков мыйзам долбоорундагы “7 бала төрөп, бирок балдарынын бири соттолуп кетсе, ал энеге “Баатыр эне” наамын бербөөнү токтотуу” деген пунктуна токтолду. “Эгер 2 баласы соттолуп кетсе эмне болот? Эне үчүн бала баарынан кымбат, алар балдарын жаман болсун деп чоңойтпойт. Менимче, бул жерде соттолуу боюнча пунктту алып салыш керек”,- деди Мадылбеков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: