super.kg logo
  Саясат  

Жеңиш Молдокматов: "Илья Лукашты саясатташтырып, баатыр кылбаш керек"

 

"Илья Лукашты саясатташтырып, баатыр кылбаш керек. Ал жөн эле өзүн пиарлап жатат". Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин алдында болгон акция учурунда “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов билдирди.

Анын айтымында, Лукаштын өлкөдөн чыгып кеткени - анын өз эрки. Бирок ал айткан сөздөрүн далилдеш керек эле.

Эскерте кетсек, 27-февралда Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин астында "Калыс" саясий кыймылы гомосексуалдардын пропагандасына каршы акция уюштурган. Анда “активист-блоггер Илья Лукаш гейлерди, бисексуалдарды колдойт жана Кыргызстанга Украинадагы Майданды алып келет” деген сөздөр айтылып, сүрөтү өрттөлгөн. Буга Илья Лукаш: “Биринчиден, мени “интернетте ЛГБТ (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансвеститтер) өкүлдөрүн колдогондордон топ түздү” деп күнөөлөп жатышат. Мен интернетте мындай топ ачкан эмесмин. Мен болгону "Фейсбуктагы" баракчамда ЛГБТнын өкүлдөрүнүн укуктарын коргоп келем”,- деп социалдык түйүндөр аркылуу жооп берген.

Бирок андан көп убакыт өтпөй эле "мага кысым көрсөтүү күчөгөндүктөн, Кыргызстандан кетүүнү чечтим" деп Украинага чыгып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: