Кыргызстанда ордени жок 24 900 Баатыр эне бар
Кыргызстанда учурда ордени жок 24 900 Баатыр эне бар. Муну бүгүн, 12-марттагы “Парламент” радиосундагы түз байланышта Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева билдирди. Анын билдиришинче, Баатыр энелердин күбөлүгү бар, бирок ордендери жок.
“8-Март майрамына карата ордендерин берип койсок жакшы болмок. Аларга руханий жактан дем бермек. Бирок жетише алган жокпуз”,- деди депутат.
Аманбаева 7 бала төрөгөн эне кандай болбосун “Баатыр эне” наамын алышы керек деген пикирде.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

