Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында орнотулган Жаңы жылдык балаты шамалдан улам кулап түштү

Бишкек шаардык мэриясы тарабынан орнотулган борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы Жаңы жылдык балаты түнкү саат 2:30дар чамасында кулап калды. Бийиктиги 23 метр болгон балатынын кулап түшүү себебин “Тазалык” ишканасынын жетекчилиги катуу шамал менен байланыштырууда. Ал эми серепчилер муну "Жаңы жылга карата даярдыктагы жоопкерчиликсиздик" деп баалашты. Шаардык бийлик балатыны бүгүн кайрадан орнотууну убада кылды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
-1

