super.kg logo
  Саясат  

“Чоң жетилик” Орусиядан Крымды кошуп алуу аракетин токтотууну талап кылууда

 

“Чоң жетиликке” кирген өлкөлөр Орусия жетекчилигин Крымды Орусиянын аймагына кошуп алуу аракетин токтотууга чакырды. Маалымат бүгүн, 12-мартта белгилүү болду. Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу бул тема боюнча расмий билдирүү 12-март күнү кечинде жарыялана турганын билдирди.

Буга чейин Батыштын бир катар өлкөлөрү Крымга байланыштуу Орусиянын аракетин мыйзамсыз деп билдирип келишкен. Ал эми Орусия Крым элинин тандоосун урматтай турганын билдирип, өзүнүн аракетин эл аралык келишимдерге каршы келбей турганын айткан. 16-мартта Крымда өлкөнүн статусу боюнча референдум өткөнү жатат. Анда көпчүлүк колдосо, Крым Орусиянын аймагына кирмекчи.

Айта кетсек, “Чоң жетиликке” АКШ, Германия, Франция, Улуу Британия, Италия, Канада жана Япония кирет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: