super.kg logo
  Саясат  

Карганбек Самаков JICA`нын өкүлү Тэцуя Ямада менен кызматташтык маселесин талкуулады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков бүгүн, 12-мартта Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Борбордук Азия жана Кавказ боюнча департаментинин директору Тэцуя Ямада менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын көп тараптуу өнөктөштүк мамилелерин андан ары арттыруу жаатында пикир алышты. Аталган агенттик Бишкек - Ош жолундагы көчкү тосмолорун куруу, Ош - Баткен - Исфана жолунун айрым тилкелерин калыбына келтирүү долбоорлорун каржылай турганы да белгилүү болду.

Самаков Кыргызстан Япониянын эң башкы өнөктөрүнүн бири экенин белгилөө менен көп жылдардан бери жакындан жардам берип келе жатканы үчүн JICA өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга транспорт жана коммуникация министринин орун басары Абдыманап Мурзабеков, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ жана башкалар катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: