super.kg logo

1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызды сабаган Гүлмира Дубанаева 17 жылга эркинен ажыратылды

 

1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызды сабаган Гүлмира Дубанаева 17 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунун канцеляриясы билдирди.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 23-ноябрында Бишкекте 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кыз катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну Г.Дубанаева кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Тергөө учурунда Дубанаева Гүлмира Мирананын жеңеси экендиги аныкталган. Ал Мирананы 1 айдан бери карап, бул убакыт аралыгында ымыркайдын өмүрүнө коркунуч туудурган залалдарды келтирген. Тергөөчүлөрдүн берген маалыматына караганда, Гүлмира Дубанаева Мирананы кар жааган учурда муздак суу куюлган дагарага салып сыртка чыгарып койгондугу, кирдин суусун ичиргендиги, дубалга башын сүздүргөндүгү дайын болгон. Сурак учурунда Гүлмира Дубанаева жасаган кылмышын моюнуна алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(37)
12.03.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Болот экен го,мыйзамды ишке ашырып,жазаласа. Баракелде!
12.03.2014. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Суперинфо жон гана эркинен ажыратылдыбы же жазасын колонияда отойбу тагыраак маалымат берсенер.А то тушунуксуз болуп калыптыр.
12.03.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
womanstar, 17 жылга эркинен ажыратылгандан кийин жазасын колониядан башка каяктан отомок эле,
же уйунoн да жазасын отоo мумкунбу?
12.03.2014. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Байкуш наристеде эмне күнөө...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: