super.kg logo
  Саясат  

Келдибеков үй камагына чыгарылбайт, митингчилер прокуратурага 10 күндүк убакыт беришти

 
Бишкекте бүгүн, 12-мартта Башкы прокуратуранын имаратынын алдына камактагы депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышты. Алар Келдибековду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарып, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышты. Митингчилердин өкүлдөрүн башкы прокурор Аида Салянова кабыл алды. Андан соң акцияга чыккандардын негизги талабы болгон Келдибековдун азыркы баш коргоо чарасы өзгөртүлбөсү, анын үй камагына чыгарылбай турганы белгилүү болду.

Анын тарапташтары Башкы прокуратурага дагы 10 күн беришип, белгиленген убакыттын ичинде эч кандай чара көрүлбөсө, акциялар уланарын билдиришти.

Белгилей кетсек, 13-январда Келдибековдун бутуна жана колуна операция жасалган. 

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 айга камоо  чечимин чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: