super.kg logo
  Саясат  

Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров өлкөдө бачабаз адамдардын саны 10 миңге жетип калганын айтты    

 

Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 12-мартта Бишкек шаарында гейлерге каршы акцияга чыккан “Калыс” кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматовду кабыл алды. Анда өлкөдөгү жаштардын абалы, алар көздөгөн баалуулуктар жаатында пикир алышуу болгонун ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Зулпукаров өлкөдө бачабаздыкты (гомосексуализм) жайылтуу жосундарына тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкканын билдирди. Депутаттын билдиришинче, Кыргызстанда бачабаздыкты жайылтууга тыюу сала турган мыйзам жоктугунан улам учурда бул катмарга кирген адамдардын саны 10 миңге чукулдап калды. Мындай көрүнүш коомдун аң-сезиминин бузулушуна алып келет, ага азыртадан чек коюу зарыл.

“Конституциянын 37-беренесинде адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынары айтылган. Ал эми коомчулуктун бачабаздыкка каршы болуусунун башкы себеби, мындай жат көрүнүш адамдын табигый талабына каршы келет. Элдик үрп-адат, каада-салтка да кирбейт”,- деп кошумчалады Зулпукаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: