Адилет министрлигинин кызматкери "дүкөн тоноду" деп айыпталууда
КРнын Адилет министрлигинин кайтаруу жана конвоирдөө департаментинин улук кызматкери Бишкек шаарында азык-түлүк дүкөнүнүн ээсин коркутуп, тоногон деп айыпталууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди. Маалыматка ылайык, милицияга арызы менен шаардагы "Темирлан" дүкөнүнүн ээси кайрылып, 25-30 жаштардагы белгисиз жаран аны бычак менен коркутуп, дүкөндөн азык-түлүк көтөрүп кеткенин айткан. Арыздын негизинде милиция кызматкерлери жогоруда аталган министрликтин 27 жаштагы кызматкерин кармашты. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:19
2025-09-30
18:19
2025-09-30
15:55
2025-09-30
15:16
2025-09-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.