Жылнаама, 13-март: Мындан 10 жыл мурун Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын 5-жыйыны башталган
* 1966-жылдын 13-мартында Кыргызстандын экс-башкы прокурору Эльмурза Сатыбалдиев Өзгөн районунун Салам-Алик айылында жарыкка келген. Ал 7 жашында Сузак районундагы Карл Маркс атындагы мектеп-интернатына кирип, орто билимди ошол жерден алган. Кийин балалык кездеги “прокурор болом” деген кыялын ишке ашыруу үчүн Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык бөлүмүнө тапшырган. Аны 1992-жылы аяктап, Жалал-Абад, Ноокен, Таш-Көмүр шаарларында прокуратурада иштейт. 2001-2006-жылдар аралыгында Кемин, Жайыл райондорунун жана Ысык-Көл облусунун прокурору болуп, УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн. Эльмурза Сатыбалдиев 2007-жылы башкы прокурор болуп дайындалган.
* Мындан 10 жыл мурун, 2004-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын 5-жыйыны Бишкек шаарында ишин баштаган. Чек ара маселеси боюнча тараптардын эки башка мамилеси бар экендиги белгилүү болгон. Тажикстан делегациясы кыргыз-тажик чек арасын 1924-жылы аныкталган чек ара документинин негизинде аныктоону сунуш кылса, кыргызстандык тарап 1989-жылы эки тараптуу комиссия тарабынан аныкталган документке таянуу керектигин сунуш кылган.
* 2013-жылы 13-мартта АКШнын Нью-Йорк шаарындагы "Bowling Green" сейил багына Кыргызстандын желеги салтанаттуу түрдө орнотулган. Желекти орнотуу 21-Март - Нооруз майрамынын урматына жасалган. Салтанат учурунда кыргызстандык ырчы Каныкей КРнын Мамлекеттик Гимнин аткарган. Иш-чарага БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Таалайбек Кыдыров, КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу Анарбек Акматбеков да катышкан. * Мындан 1 жыл мурун, 13-мартта “бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деп айыпталып камалган “ата журтчу” 3 депутатты бошотуу талабы менен 300гө чукул адам "Ала-Тоо" аянтына 2 сааттык митингге чыгышкан.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















