super.kg logo
  Саясат  

Бишкектиктер өз каалоосу менен чогулушуп, шаар көчөлөрүн кардан тазалап башташты

 

Бүгүн, 22-декабрда Бишкекте экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасовдун демилгеси менен жолдорду кардан тазалоо акциясы өткөрүлүүдө. Акция Тоголок Молдо жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунан башталды. Ага өз каалоосу менен 20дан ашуун тургундар келип, күрөктөр менен жөө жүрүүчүлөр жүрчү жолдорду тазалап жатышат. Тазалоо иштери мындан сырткары Жал кичи районундагы №3-балдар ооруканасынын алдында, Нейрохирургиялык борбордун алдында, Улуттук госпиталдын алдында өтүүдө. Демилгечинин айтымында, иш-чарага катышуучулар интернет аркылуу жарыяланган маалымат аркылуу чогулушту. "Өкмөттү карап отурсак, бийлик жетишпей жатат. Бул иш-чарага өз салымымды кошоюн деп келдим",- дейт акциянын катышуучуларынын бири Өмүрбек. Кошумчалай кетсек, акция бүгүн кечке чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: