super.kg logo
  Спорт  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Барселона” менен ПСЖ чейрек финалга чыкты

 
Аргентиналык футболчулар Лионель Месси менен Серхио Агуэро топ үчүн күрөштө...
"Барселонанын" бразилиялык чабуулчусу Неймар майданда активдүүлүгүн көрсөттү.
67-мүнөт. Месси оюн эсебин ачып, команданы кайрадан алдыга сууруп чыкты.
Лионель Месси бул мелдеш алкагында сезондогу 8-голун жаратты.
78-мүнөт. "Манчестер Ситинин" коргоочусу беттеш калысы менен каршы пикирде болгону үчүн экинчи айып кагазын алып, майдандан четтетилди.
89-мүнөт. Коноктордун капитаны Винсан Компани оюн эсебин теңеди. Бирок, алдыга чыгуу үчүн бул убакыт өтө эле кеч болуп калган.
90-мүнөт. Дани Алвес "Барселонаны" кайрадан алдыга сууруп чыгып, өз үйүндө тең чыгуудан сактап калды.
Испаниялык клуб чейрек финалга жолдомону алгачкы оюнда эле камсыздап койгон. Эми клуб 21-мартта кийинки баскычтагы атаандашынын ысымы менен таанышат.
ПСЖ-"Байер" беттешинин 6-мүнөтү. Сэм эсепти ачты.
"Байердин" артыкчылыгы көпкө созулган жок. 13-мүнөттө Маркиньос оюн эсебин теңеди.
28-мүнөт. Германиялык клубдун жарым коргоочусу Симон Рольфес 11-метрлик айып соккусун голго айланта алган жок.
53-мүнөт. Лавессинин голу менен эсеп 2:1 болду. ПСЖ кайрадан алдыга чыкты.
ПСЖ былтыркы ийгилик кайталап, чейрек финалга катары менен чыгып отурат.

Кечээ, 12-мартта орун алган УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук оюндарынын жыйынтыгында каталондук “Барселона” менен ПСЖ чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, “Барселона” өз үйүндө англиялык “Манчестер Ситини” 2:1 эсебинде утуп алды. Алгачкы оюн да 2:0 эсебинде каталондук клубдун жеңиши менен аяктаган эле (жалпы эсеп 4:1).

“Барселона” (Испания) – “Манчестер Сити” (Англия) - 2:1 (алгачкы оюн 2:0)

Голдор: Месси (67-мүнөт), Компани (89-мүнөт), Даниэл Алвес (90-мүнөт).

Ал эми Парижде өткөн оюнда ПСЖ өз үйүндө германиялык “Байерди” кабыл алып, 2:1 эсеп катыштыгында жеңиш ээси болду. Франциялыктардын биринчи оюнда конокто 4:0 эсебинде жеңгенин эске алсак, бул оюн көптү чечкен жок.

ПСЖ (Франция) "Байер" (Германия) – 2:1 (алгачкы оюн 4:0).

Голдор: Сэм (6-мүнөт), Маркиньос (13-мүнөт), Лавесси (53-мүнөт).  

Кошумчалай кетсек, чейрек финалдык жолдомолорго азырынча “Бавария” (Германия), “Атлетико” (Испания), “Барселона” (Испания), ПСЖ (Франция) клубдары ээ болду. Чейрек финалга чыга турган 8 команда толугу менен 19-мартта белгилүү болуп, 21-мартта Ньон шаарында чүчү кулактын негизинде атаандаштарын табышат. 






УЕФАнын Чемпиондор Лигасы. "Барселона"-"Манчестер Сити"

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы. ПСЖ-Байер

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
Медиа-портал
13.03.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мессиге эч ким эч качан тен келе албайт
13.03.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алай эмне болду?
Медиа-портал
13.03.2014. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат чон рахмат обзорду жуктогон учун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: