Активисттер: “Президент коррупцияга каршы күрөш жарыялады, бирок премьер-министр Ж.Сатыбалдиев өзү мыйзам бузууда”
Кыргызстанда бир
катар коомдук уюмдар өкмөт башчы Жантөрө
Сатыбалдиевдин отставкага кетишин талап кылышууда. Муну, 12-мартта маалымат
жыйынында “Акос” коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Камил Умаров билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
“Кыргызстанда баш аламандык болууда. Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөш жарыялаган, бирок премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзү мыйзамды бузуп жатат. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууда. Мисалы, Медициналык академиянын ректору Ашыралы Зурдиновдун кызматтык мөөнөтүн узартуу боюнча маселеде. Ректордун жашы 65тен өтүп кетти, бул жашта адамдын мындай кызматты аркалоого укугу жок. Бирок буга премьер-министр көз жумууда”,- дейт Умаров.
Башка коомдук уюмдун өкүлдөрү өкмөттү отставкага кетирүүгө Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишиндеги мыйзам бузуулар негиз болорун айтышты.
Айта кетсек, аталган дирекцияны мурда Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

