Каныбек Осмоналиев: “Кыргызстанда билим берүү системи талкаланып бүттү”
ЖКнын 13-марттагы
жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев
“Кыргызстанда билим берүү системи толук
талкаланып бүттү” деп билдирди. Айтымында, мындай темп менен кете берсе,
кесепети өтө оор болот. Жалпы республикалык тестирлөө боюнча депутат буларды
билдирди:
Автор: Автандил Добулбеков
“Орусия, Казакстандагыдай улуттук сынак уюштурбасак болбойт. Мектепте 11 жыл окуган баланын эмгеги бааланбай калууда. Ал "4", "5" деген баага окуганы менен, жыйынтык болбой жатат, ЖОЖдор жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты менен кабыл алышууда. Кандайдыр бир уюмдардын жетегинде болбой, улуттук сынакты уюштуруу керек. Бул боюнча жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатат”,- деп билдирди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

