super.kg logo
  Саясат  

Курманбек Дыйканбаев: “Кытайдын жардамы менен учурда Кыргызстанда курулуп жаткан жолдор, көмөк чордондор келечектеги Кытайдын бир провинциясы үчүн курулуп жатат” деген маалыматтар бар”         

 
"Кытайдын жардамы менен учурда курулуп жаткан жолдор, көмөк чордондор келечектеги Кытайдын бир провинциясы үчүн курулуп жатат" деген маалыматтар бар. Муну бүгүн, 13-мартта ЖКнын жыйынында депутат Курманбек Дыйканбаев айтты. Анын билдиришинче, өлкөдө Кытайдын жарандарынын көбөйүшү кооптуу. 

“Расмий түрдө 100 миңдей Кытайдын жараны бар экени айтылат, иш жүзүндө 200-300 миң болушу мүмкүн. Кыргыздын сулуу кыздары аларга алданып төрөп жатышат. Алардан төрөлгөн балдар кийин кандай болот? Кытай жарандары кадимкидей паспорт алып жатышат, милициялар менен чабышууда. Бири да жооп бербейт, акча менен кутулууда. Буга чек коюш керек. “Бүгүнкү Кыргызстанда салынып жаткан жолдор, көмөк чордондор келечектеги Кытайдын бир провинциясына салынып жатат” деген маалыматтар бар”,- деди Дыйканбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: