Бакыт Төрөбаев “Бажы биримдиги боюнча Жогорку Кеңештин толук маалыматы жок” деди
Бажы биримдигине кирүү боюнча Жогорку Кеңеш өзүнүн позициясын билдириши керек. Муну парламенттин 13-марттагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев айтты. Анын билдиришинче, бул боюнча комитетке тапшырма берип, кеңири талкууга алуу зарыл. “Өкмөт “биримдикке кирүүдө өзүбүздүн талаптарды койдук” деп жатат, бирок кагаз жүзүндө эч кандай маалымат жок. Талкуулайлы, эл менен да талкуу жүргүзөлү”,- деди Төрөбаев.
Депутат өлкөдө дарыгерлердин шалаакылыгы да күчөгөнүн да билдирди. “Жакында мага Жороева деген жаран кайрылды. Дарыгер лазер бергенден кийин 2-3 күндөн кийин күйөөсүнүн көзү көрбөй калыптыр”,- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

