super.kg logo
  Саясат  

Баткен. 2012-жыл Лейлек району үчүн түшүмдүү жыл болду

 
Лейлек районунда 2012-жыл түшүмдүү жыл болгонун райондук администрациядан кабарлашты. “Дан эгиндери район боюнча 36 миң 905 тонна чогултулуп, өткөн жылга салыштырмалуу 11 миң 245 тоннага көп өндүрүлүп, план 143,8 пайызга аткарылды.  Мунун ичинен кылкандуу дан эгиндери 27 миң 257 тонна же 168,6%, буудай 14 миң 485 тонна же 136,4%, арпа 12 миң 772 тонна же 230,5%, дан буурчактар 660 тонна же 102,5%, жүгөрү өндүрүү 7 миң 771 тонна же 104,7 пайызга көп болду. Мындан сырткары жашылча өндүрүү өткөн жылга салыштырмалуу 39 тоннага көп өндүрүлүп жыл ичинде 14 миң 645 тоннаны түзсө, бакча өсүмдүктөрү 390 тонна же 102,4%, мөмө-жемиш өндүрүү 8 миң 862 же 106,1% жана жүзүм өндүрүү 2041 тонна же 124,7 % түздү”,- деп билдирди Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавидинов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: