Бишкекте 1916-жылдагы үркүндүн 100 жылдыгына карата илимий конференция өтөт
Бишкектеги Улуттук китепканада 14-март күнү 1916-жылдагы окуянын 100 жылдыгына карата илимий конференция өтөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, конференциянын алкагында үркүн боюнча документтер, адабий чыгармалар коюлган көргөзмө өтөт. Иш-чарага тарыхчылар, жазуучулар жана коомдук-саясий ишмерлердин катышуусу күтүлүүдө. Анда үркүндүн келип чыгуу себептери жана анын кесепеттери талкууга алынат. Ошондой эле алдынкы эки жылдагы коомдук иш-чараларды өткөрүү пландалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

